Аба ырайы: Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт

Автор -
0

24-25-июнь күндөрү көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо жайгашкан жайлоолордо жаан карга айланышы мүмкүн.

Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо, ошондой эле Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында жаан-чачын катуу жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 17-22 метрге жетет.

Мындай туруксуз аба ырайы автоунаалардын каттамын, энергетикалык жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо мал багууну кыйынчылыкка учуратат. Ошондой эле айрым райондордо сел жүрүшү ыктымал.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 14…19, күндүз 30…35,

Баткен облусунда түнкүсүн 15…20, күндүз 31…36,

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 15…20, күндүз 31…36,

Талас жергесинде түнкүсүн 12…17, күндүз 27…32,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 8…13, күндүз 23…28,

Нарын облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 23…28 градус болот.

23-июнда Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын түнкү температурасы 17…19 градус, күндүзгү температурасы 33…35 градус болот.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү

ПИКИР ЖОК

Жооп калтырыңыз