Абайлаӊыз! 7-июлда абанын температурасы +40 градуска жетет

Автор -

Эртең, 7-июлда өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, деп маалымдайт Кыргызгидромет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +15…+20,  күндүз +34…+39;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +14…+19, күндүз +33…+38;

Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +17…+22, күндүз +34…+39;

Баткен облусунда түнкүсүн +17…+22, күндүз +35…+40;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +26…+31;

Нарын облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +28…+33;

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +17…+19 градус, күндүз +36…+38 градус болот.

Белгилей кетсек, буга чейин «2018 -жылдын 7-9-июлунда кургак жана ченемден тышкары ысык аба ырайы күтүлөт»,-деп билдирген ӨКМдин басма сөз кызматы.

Бөлүшүү