Абдыбек Дүйшалиев: Тоӊ районундагы Туздуу-Көл таптакыр каралбай калды

Автор -
0

Ушу тапта ден-соолукка шыпаалыгы менен даӊкы чыккан Ысык-Көл облусунун Тоӊ районунда жайгашкан Туздуу-Көл бизге эле эмес, чет өлкөгө чейин белгилүү. Ошого карабастан, ал таптакыр каралбай калды, жарандар үчүн жакшы шарт түзүлгөн эмес. Өкмөт ага көӊүл буруп, эс алуучуларга ыӊгайлуу шарт түзүү чараларын колго алуусу зарыл. Бул тууралуу депутат Абдыбек Дюшалиев Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.

«Өкмөт Туздуу-Көлдү, анын Кара-Көл деген да аты бар, тээ илгери эле «Гүлстан» деген чарбага берип койгон экен. Ал чарба ушул кезге чейин эс алуучулардан акы алуудан башка эч нерсе жасаган жок, алтургай, туалети да жок. Ал жерде бир дагы инфратүзүм курулган эмес. Өкмөт жок дегенде ага баруучу 13 чакырым жолду куруп берсе жакшы болмок», — деп кошумчалады эл өкүлү.

 

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү

ПИКИР ЖОК

Жооп калтырыңыз