Абитуриенттерди жогорку окуу жайларга кабыл алуу күндөрү маалым болду

Автор -
0

Абитуриенттерди жогорку окуу жайга кабыл алуу жана тандоо 9-июлда башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча 2018-2019-окуу жылына абитуриенттерди кабыл алуу жана тандоо турларынын графигин жарыялаган.

«Биринчи тур 9-июлдан 14-июлга чейин уланса, экинчи тур 16-июлдан 21-июлга чейин созулат. Ал эми үчүнчү тур Билим берүү жана илим министрлигинин макулдугу менен өткөрүлүп, 23-июлдан 28-июлга чейин уланат», — деп айтылат маалыматта.

Абитуриенттердин тизмеси 25-августка чейин такталып, тастыктоо иштери жүрөт.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү

ПИКИР ЖОК

Жооп калтырыңыз