Аида Салянованын иниси Улан Саляновдун өлүмүнүн бети ачылды

Автор -
219

Бүгүн, 17-апрелде Жогорку Кеңештеги «Республика-Ата Журт», «Ата Мекен», «Өнүгүү-Прогресс» оппозициялык фракциялары өкмөттүн 2017-жылдагы ишмердүүлүгү боюнча отчётун карап жатат.

Жыйын жүрүшүндө «Ата Мекен» фракциясынан депутат Наталья Никитенко мурунку депутат Аида Салянованын иниси Улан Саляновдун өлүмү боюнча тергөө иштери кандай жүрүп жатканына кызыкты.

ИИМ башчысы Улан Исраилов бул кылмыштын бети ачылганын айтып, тергөөнүн жүрүшүндө 2 адам кармалып, дагы бирөө изделип жатканын билдирди.

«Учурда тергөө иштери уланууда. Салянов кандай курал менен өлтүрүлгөнү жана аны өлтүрүүгө эмне себеп болгону аныкталды. Тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн муну айта албайм. Бирок мында эч кандай саясат жок», — деди Исраилов.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын 6-ноябрына караган түнү Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын депутаты Аида Салянованын 42 жаштагы иниси Улан Саляновду Бишкекте белгисиз адамдар өз үйүнөн атып кетишкен.

 

 

Бөлүшүү