Айбек Калиевдин баш коргоо чарасы аныкталды

Автор -
262

Бишкек шаардык соту «Улуттук энергохолдингдин» мурдагы директору Айбек Калиевди тергөө бүткүчө камакта калтыруу тууралуу Биринчи май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды. Бүгүн шаардык сотто Калиевдин жактоочусу Бактыбек Жумашевдин өтүнүчү каралды.

«Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын» башкармалыгынын мурунку төрагасы 18-апрелде ЖЭБди модернизация боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында камакка алынган.

Биринчи Май райондук соту Калиевди тергөө аяктаганга чейин УКМКнын тергөө абагында калтыруу чечимин кабыл алып, буга макул болбогон жактоочулары баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарууну өтүнүп, шаардык сотко кайрылган болчу.

Бөлүшүү