Айтмамат Кадырбаев өрттөн жабыркагандардан кабар алды

Автор -
218

Бүгүн, 24-апрель күнү Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев 23-апрель түнү катталган өрт окуясынан жабыр тарткандардан кабар алды. Шаар башчысы Ош кичи районунда жайгашкан 12 кабаттуу үйдү жерине барып көрүп, тийиштүү жетекчилерге тапшырмаларды берди.

Маалыматка ылайык, 5-кабаттан чыккан өрттөн 6 адам жабыркап, Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасына жеткирилген. Өрт чыккан үйдүн абалын көргөн соң, шаар башчысы ооруканага барып жабыркагандардын абалы менен таанышты.

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев учурда кырсыктын келип чыгуу себептерин текшерүү жүрүп жаткандыгына токтолуп, анын жыйынтыгы менен Ош шаарынын мэриясы тарабынан колдоолор боло тургандыгын билдирди. Ал эми учурда ооруканага түшкөн жарандардын дары-дармеги жетиштүү экендигин айтты.

КРнын ӨКМдин Ош шаары боюнча башкармалыгынын башчысы Нурлан Баймуратовдун айтуусу боюнча,  23-апрелде 23 саат 21 минутада Ош шаарынын Джим көчөсүнүн №1 дарегинде 12 кабатуу турак үйдүн 5-кабатында өрт кырсыгы тууралуу нөөмөтчүгө кабар келип түшүп, 2-3 мүнөт аралыгында өрткө карышы кызматы келип тилсиз жоо жарым саатын ичинде толугу менен өчүрүлгөндүгүн айтты.

«Өрттөн балкон аркылуу 2 жаран илме шаты менен 4-кабатка түшүрүлүп куткарылды жана 30 адам эвакуцияланганды. Ал эми өрт өчүрүүчүлөр келгенде турак үйдүн түндүк тарабында эс учун жоготкон абалда эркек киши жерде жаткан. Өрт учурунда 5-кабаттагы 23-батирдин жашоочу бөлмөсүнүн терезесинен аты жөнү такталбаган жаран секирип жиберген. Алар өз учурунда тез жардам кызматы менен ооруканаларга жеткирилген», — деди Н.Баймуратов.

«Өрттүн кесепетинен жалпы 6 адам кайрылган. Алардын ичинен 2 бейтап жеңил жарат алгандыктан медициналык жардам көрсөтүлүп, үйлөрүнө жиберилген. Ал эми 5-кабаттан секирген аял өзүнө келе элек, өздүгү тактала элек, бирок тийиштүү медициналык жардамдар берилип жандандыруу бөлүмүндө. Эс учун жоготкон абалда табылган эркек киши травматоло́гия бөлүмүндө, ага операция жасалат. 1 адам түтүнгө ууланган, 1 адам кан басымы көтөрүлүп түшкөн,учурда абалдары жакшы»,- деп билдирди Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери.

Бөлүшүү