Айтмамат Кадырбаев жаңы кызматка дайындалды

Автор -

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Өкмөткө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттигинин төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу өздүк булактар кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ал жамаатка тааныштырылды.

Белгилей кетсек, А.Кадырбаев Ош шаарынын мэри болуп 2014-жылдын 15-январында шаардык кеңештин депутаттары тарабынан шайланган. Добуш берүүнүн жыйынтыгында шаардык кеңештеги 45 депутаттын ичинен 25 эл өкүлү анын талапкерлигин колдогон болчу. Анын негизинде БШК 2014-жылдын 20-январында Ош шаарынын мэри кылып бекиткен.

Бөлүшүү