АКШ Түркияны Орусия менен аскердик жактан кызматташпоого чакырууда

Автор -

Эгер Анкара орусиялык С-400 зениттик-ракеталык комплекстерди сатып алуу ниетинен баш тартпаса, анда АКШнын жаңы F-35 аскер учактары Түркияга берилбей калышы мүмкүн. Бул тууралуу Сенаттагы угуулар маалында АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Уэсс Митчел билдирди.

Өз сөзүндө Митчел Орусиянын аскердик өнөр-жай комплекси менен кызматташкан компанияларга санкция киргизүү каралган мыйзам долбооруна таянды.

Ошол эле маалда мамкатчынын орун басары Түркия «Ислам мамлекетинин» жоочуларына каршы өнөктүккө катышып жаткан АКШнын НАТО боюнча союздашы экенин белгиледи. Шейшембиде Дональд Трамп Режеп Эрдоганды президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктаган.

Ал ортодо эгер Индия Орусиянын С-400 комплекстерин сатып алуудан баш тарта турган болсо, анда Кошмо Штаттар Делиге THAAD тибиндеги өзүнүн зениттик-ракеталык комплексин сунушташы мүмкүндүгү белгилүү болду.

Кошмо Штаттар менен Түркиянын мамилеси АКШнын Сирия боюнча саясатындагы пикир келишпестиктерден, ошондой эле Түркия бийлиги тарабынан терроризмге жардамдашкан деген айып менен бир нече америкалык жарандын кармалышынан улам акыркы убактарда начарлап кеткен.

Бөлүшүү