Ала-Букада Кыргызстандын аймагына кирип келген 11 Өзбекстандык чабан кармалды

Автор -
0

Кыргызстандын чек арасына жакын жерде мал жаюуга аракет кылган 11 өзбекстандык чабан кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда өзбекстандыктар Бетегелик деген жайытта чатыр тигип жаткан учурда кармалган. Сурак берип жатып кармалгандар Кыргызстандын аймагына адашып өтүп кеткенин моюнга алышкан.

800дөй кой-эчки, 100дөн ашуун бодо малы жана жылкылары менен кошо кармалгандар коңшу өлкөнүн чек ара кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү

ПИКИР ЖОК

Жооп калтырыңыз