Алмазбек Атамбаев: Албек Ибраимовду таасирдүү мэр деп эсептейм

Автор -
251

Бишкек шаардык кеңештин бүгүнкү мэрдин катышуусусуз эле анын тагдырын чечкен жоругу боюнча экс-президент, КСДП төрагасы Алмазбек Атамбаев үн катты. Анын кайрылуусун КСДПнын маалымат кызматы таратты.

Анда: «Албек Ибраимовду ыплас куугунтукка алуунун жыйынтыгы биз баамдагандай эле болду. Мэрдин шаардык кеңештин сессиясына катышпаганынын себебин мэрдин өзүнөн сураш керек. Балким, ага маалымат жетпегендир. Депутаттарга мэрдин катышпай калышы ыңгайлуу болсо керек. Балким, Албек Ибраимов териштирүүнүн калыс болоорунан күмөн санаган үчүн катышпай койгондур. Кандай жаманатты кылып. иштегенге бут тозуп жаткандарын карасаңар. Мына, жарым жыл болду. Баары эле мунун коррупция менен күрөшүүгө тиешеси жок экенин түшүнүп турушат. Ал эми, Сапар Исаков жана Кубанычбек Кулматовду айыптап, куугунтукка алгандан кийин, ЖЭБ боюнча иштин эксперттерине басым кылынып жаткандан кийин ар бир адамда акыйкаттыкка болгон ишеним өчөт.

Коомчулук муну ачык эле Коррупцияга каршы кызматтын мыйзамды тоотпогону катары баалап жатышат.  Мен Албек Ибраимовду натыйжалуу иштеген мэр катары эсептейм. Анын учурунда калаадагы чечилбөөчүдөй, бүтпөөчүдөй көрүнгөн көйгөйлөр биринин артынан бири чечилип баштады. Чечим кабыл алууда өткүр болду. Шаар тургундарынын алдында өзү жооп берип, эч качан бирөөнүн артына жашынган эмес. Азыркы учурда бул сейрек  сапат», -деп жазылат.

Бөлүшүү