Армения: Никол Пашинян премьерликке шайланган жок

Автор -
231

Армениянын премьер-министрлигине шайланбай калган оппозиция лидери, парламент депутаты Никол Пашинян тарапташтарын 2-майда өлкөнүн бардык жолдорун жаап салууга чакырды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.

«Биздин аракеттер жеңиш менен аякташы керек. Биздин талап элдин жеңишин таануу жана элдик премьер-министрди шайлоо болуп саналат», — деди оппозиция лидери.

Белгилей кетсек, кечээ, 1-майда парламенттеги премьер-министрди шайлоодо Пашиняндын талапкерлигин 45 депутат колдоп, 55 депутат ага каршы добуш берди.  Ал бул жогорку кызматка сунушталган жалгыз талапкер болчу.

Бөлүшүү