Артыкбаев абактан ооруканага которулду

Автор -
0

УКМКнын тергөө абагында жаткан Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаев ден соолугу начарлаганына байланыштуу ооруканага чыгарылды. Бул тууралуу Кыйноого каршы улуттук борбордун жетекчиси Нурдин Сулайманов “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтымында, эл өкүлүнүн жүрөгү ооруган. Дарыгерлер ага аритмия, астма деп диагноз коюп, кан басымы көтөрүлүп кеткенин аныкташкан. Алардын чечими менен Артыкбаев Мирсаид Миррахимов атындагы улуттук кардиология борборунда дарыланып жатат.

Мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаевге коррупция беренеси боюнча кылмыш иш козголуп, 5-июнда камакка алынган. Ал Бишкек Жылуулук электр борборунун айланасындагы жаңжалга байланыштуу айыпталууда.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү

ПИКИР ЖОК

Жооп калтырыңыз