Ажылык сапарга аттангандар 25-июлдан тарта Сауд Аравиясына учат

Автор -

Быйыл ажылыкка аттангандардын алгачкылары 25-июлдан тарта Сауд Аравиясына учат.Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жалпысынан 18 каттам уюштурулуп, зыяратчылар Бишкек жана Ош шаарларынан жөнөп кетмекчи.

Каттамдар негизинен Бишкек — Медина, Ош — Медина, Бишкек — Жидда жана Ош — Жидда багыттары боюнча учат.

Эске салсак, быйыл Сауд Аравиясы Кыргызстан үчүн 5400 квота бөлгөн. Ал эми муфтият ажылыктын баасы 2890 долларды түзгөнүн билдирген.

Бөлүшүү