Бүгүн Ош шаарынын айрым аймактарында 8 саатка электр жарыгы өчүрүлөт

Автор -

Ош шаарынын айрым аймактарында 26-июнь күнү 09:00дон 17:00го чейин электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма-сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2018-2019-жылдардагы күз-кыш мезгилине энергообъектилерди даярдоо иштерине байланыштуу убактылуу электр энергия берүү токтотулат.

Жарык өчө турган аймактардын тизмеси:

-№10 “Курманжан-Датка” аймактык кеңешине караштуу Мирсаатов, Төрөбай Абакир уулу, Водопровод көчөлөрүндө.

-№9 Амир-Тимур аймактык кеңешине караштуу Абдусатаров 101, 102, 108, 113, 114,115, 116, 151, 153, 154, 166 — көчөлөрүндө.

Бөлүшүү