Бүгүн Ош шаарынын мэри шайланат

Автор -
274

Бүгүн, 18-июлда Ош шаарынын мэрин шайлоо өтөт. Шаар башчылыгына Ош шаардык кеңешиндеги көпчүлүк коалицияга кирген КСДП, «Бир Бол» жана «Мекеним Кыргызстан» фракциялары бир добуштан Ош шаарынын мэрлигине Таалайбек Сарыбашевди сунуштаган.

Талапкер буга чейин кыргыз тили боюнча сынактан өтүп, аймактык шайлоо комиссиясы жалгыз талапкер катары каттаган.

Белгилей кетсек, Сарыбашев 2015-жылдан баштап өкмөттүн Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп эмгектенип келет.

Бөлүшүү