Башкы прокуратура Аскарбек Шадиевге дагы бир кылмыш ишин козгоду

Автор -
0

Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин депутаты, мурдагы биринчи вице-премьер Аскарбек Шадиевге карата дагы бир кылмыш ишин козгоду.

УКМКнын берген маалыматына ылайык, 25-июнда Аскарбек Шадиевге карата Кылмыш жаза кодексинин 346-беренесинде (Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү) каралган белгилер боюнча кылмыш ишин козгогон.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, 28-апрелде кылмыш иши козголгондон кийин, Шадиев Худжант-Москва (Домодедово) каттамы боюнча учуп кеткен. Жергиликтүү убакыт боюнча саат 18:20да Кыргызстандын дипломаттык паспортун колдонуп Нью-Йоркко (АКШ) учкан. 

31-майда Ч.Айтматов атындагы сыйлыкты ыйгаруу үчүн бөлүнгөн 30 миң доллар бюджеттик каражатты ээлеп алуу факты боюнча “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренесинин негизинде депутат Шадиевге сыртынан айып тагылган.

Ошол эле күнү Бишкек шаардык Биринчи май райондук сотунун чечими менен ага карата баш коргоо чарасы каралып, камакка алуу чечимин чыгарган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү

ПИКИР ЖОК

Жооп калтырыңыз