Башкы прокуратура Бажы кызматынын кызмат адамдарына кылмыш ишин козгоду

Автор -

Башкы прокуратура Бажы кызматынын кызмат адамдарына «мамлекеттик бюджетке ири өлчөмдө зыян келтирген» деген негизде Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш ишин козгоду.

УКМКнын маалыматына ылайык, тергөөдө Бажы кызматынын мурдагы төрагасынын буйругу менен кызматкерлерге 2014-жылдын экинчи кварталы үчүн 3 303 964 сом сыйлык катары маянага мыйзамсыз кошулуп берилгени аныкталды.

Ишти Башкы прокуратура Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы менен биргеликте тактаган. Материалдар УКМКнын аталган кызматына өткөрүлүп берилди.

2014-жылы Мамлекеттик Бажы кызматын Адамкул Жунусов жетектеген.

Бөлүшүү