Башкы прокурор кызматына Өткүрбек Жамшитовдун талапкерлиги сунушталды (Өмүр баян)

Автор -
359

Башкы прокурор кызматына Жалал-Абад облусунун прокурору Өткүрбек Жамшитовдун талапкерлиги каралат. Бул тууралуу Президенттин парламенттеги өкүлү Курманбек Дыйканбаев билдирди.

Жамшитов Өткүрбек Асилбекович 1975-жылы 4-сентябрда Ош облусунун Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айылында туулган. Жогорку билимдүү, 1996-жылы Кыргыз улуттук университетин юриспруденция адистиги боюнча бүтүргөн.

Эмгек жолу:

1997-жылы Талас шаардык прокуратурасында прокурордун жардамчысы болуп иштөө менен баштаган.

1999-2008-жылдары Талас шаарынын, Бакай-Ата, Алай райондорунун, Ош облусунун прокуратураларында тергөөчү болуп иштеген.

2008-жылдын 21-январында Кадамжай районунун прокурорунун орун басары кызматына дайындалган.

2011-жылдан Лейлек районунун прокурору болуп иштеген.

2015-жылдын 1-июлунда Жалал-Абад облусунун прокурорлугуна дайындалган.

Бөлүшүү