Башкы прокурор Жогорку соттун үч судьясына кылмыш ишин козгоду

Автор -

Жогорку соттун үч судьясына жана бул соттук органдын аппаратынын, Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагынын кызмат адамдарына карата кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу бүгүн башкы көзөмөл органы кабарлады.

Маалыматка ылайык , алар «адамды камакта мыйзамсыз кармап турушкан» деп айыпталууда.

Ачылган кылмыш ишинин алкагында О.Т. аттуу жарандан өлкө аймагынан чыкпоо боюнча тил кат алынган. 2017-жылы 25-августта райондук сот кылмыш ишин карап жатып О.Т. аттуу жарандын келбегенинен улам аны бир ай камакка алуу чечими кабыл алынган. Бул чечим экинчи инстанция тарабынан да күчүндө калтырылган. Буга чейинки соттордун өкүмүн О.Т. аттуу жаран Жогорку сотко арызданган. Бирок 2018-жылы 29-марттан 29-апрелге чейин бир ай камакка алынган.

Бирок №1 тергөө абагынан кызматкерлери өз милдетин так аткарбастан О.Т. аттуу жаранды 11-майга чейин 12 күн мыйзамсыз камакта кармаган. Кылмыш иши Жогорку сот тарабынан 14-майда гана каралган. Мында айыпталуучунун эркиндикке болгон укугу бузулганы айтылат.

Жогорудагы факты боюнча Башкы прокурор тарабынан Кылмыш жаза кодексинин «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «Шалаакылык» жана «Мыйзамсыз кармоо» беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

 

Бөлүшүү