Баткен шаарында селдин кесепеттери жоюлуп, калкка суу берилди

Автор -
313

Баткен шаарында жүргөн селдин кесепеттери жоюлуп, беш турак үйдүн ичи толук жана 150 метр канал тазаланды.

ӨКМдин маалыматына ылайык, Төрт-Гүл айыл аймагындагы Ак-Өтөк айылында сел өтүүчү сайдын 120 метр аралыгы тазаланып, Чоңгара, Зарташ, Актурпак айылдарын таза жана сугат суу менен камсыз кылган канал калыбына келтирилип, калкка суу берилди.

«Тазалоо иштери Самаркандек, Дара, Жаңы-Жер айылдарында жүргүзүлдү. Андан сырткары, Ак-Татыр айыл аймагындагы Рават айылында 100 метр жердеги ички чарбалык арыктар тазаланды»,-деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, 15-июнда саат 07:00 жана 22:20 чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен Баткен шаары жана Самаркандек, Кара-Бак, Төрт-Гүл, Дара айыл аймактарында сел жүрүп, жалпы район боюнча 42 турак үйдүн ичине, 62 турак үйдүн жер тилкесине, 92 чарба курулуштарына сел суулары кирген. 207 гектар үлүш жана эгин талааларды суу каптап, 12 даана электр мамычасын агызып, 3 көпүрө, 1,6 чакырым ички канал, 49 лоток, 18 метр темир түтүк, 2 сел тосмосу жараксыз абалга келген.

 

Бөлүшүү