Базар-Коргон: 19 жаштагы жигитке бычак сайып өлтүргөн адам кармалды (Видео 18+)

Автор -
490

Базар-Коргондо автобекетте 19 жаштагы жигитке бычак сайган адам кармалды. Окуя болгон учурда шектүү мас абалында болгон.

Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, автобекетте 19 жаштагы адам менен 24 жаштагы адамдын ортосунда жаңжал чыккан.

«24 жаштагы адам мас абалында болгон, жаңжалдын аягында 19 жаштагы адамга бычак сайып салган. Учурда ал кармалып, убактылуу кармоочу жайга жеткирилген, иликтөө иштери жүрүп жатат», — деп билдиришти.

Видеодо зомбулук сахналары камтылган. Кош бойлуу айымдарга көрүүгө болбойт!

 

Бөлүшүү