«Берекет» соода борборунун директору камакка алынды

Автор -
0

Ош базарындагы  «Берекет»  соода борборунун директору жана имараттын өрт коопсуздугуна жооп берген кызматкери камакка алынды. Бул тууралуу бүгүн, 25-апрелде «SAAT.KG» маалымат  агенттигине  Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, алар кечээ, 24-апрелде кармалышкан. Учурда аларга карата 238-берене (өрт коопсуздугунун эрежелерин бузуу) менен кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Эскерте кетсек, «Берекет» базарында 13-апрелде түн ичинде чыккан өрттөн болжол менен 2000 чарчы метр жер күйгөн.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү

ПИКИР ЖОК

Жооп калтырыңыз