Билим берүү жана илим министрлиги 3 февралга чейин мектеп окуучулары үчүн каникулду узартты

Автор -
895

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жакынкы күндөрү абанын температурасы төмөн бойдон сакталаары тууралуу маалыматын эске алып, Билим берүү жана илим министрлиги мектеп окуучулары үчүн каникулду узартууну чечти:

  • беш күндүк окуу жумасы менен мектептерде үч күнгө — 31 январь, 1, 2 февраль;
  • алты күндүк окуу жумасы менен мектептерде төрт күнгө — 31 январь, 1,2,3 февраль.

Буга чейин министрлик Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамынын 31 — беренесине ылайык, балдардын саламаттыгын сактоо максатында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан абанын температурасынын кескин төмөндөшүнүн күтүлүшү тууралуу расмий түрүндөгү эскертүүнүн негизинде, Билим берүү жана илим министри Гульмира Кудайбердиеванын буйругу менен мектептерде 30-январга чейин окутуу убактылуу токтотулганы тууралуу билдирген.

Бөлүшүү