Бир жумадан бери изделип жаткан 6 жаштагы баланын сөөгү табылды

Автор -

Чоң Чүй каналына чөгүп кеткен 6 жаштагы Мишанын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 20-июлда болжол менен саат 10:53тө баланын денеси Чүй облусунун Сокулук районун Новопавловка айылындагы Чоң Чүй каналынан табылган.

“Ошол аймактагы жашоочулар баланын жансыз денесин көрүшүп, жээкке алып чыгышкан. Жеринде атасы маркумдун өздүгүн тактады”, — деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, 2018-жылдын 13-июлунда 6 жашар Миша Чоң Чүй каналына чөгүп кеткен, ошол убактан бери издөө иштеринен эч кандай натыйжа чыкпай жаткан.

Бөлүшүү