Бишкек–Кара-Балта жолундагы үйлөр сүздүрүлүп, 3524 бак кыйылды

Автор -
0
Сүрөт: Мэрия

Бишкек –Кара-Балта жолундагы үйлөр сүздүрүлүп баштады. Учурда ремонт иштерине 84 даана жол куруу техникасы жана 277 жумушчу тартылган. 3524 бак кыйылды. Бул тууралуу транспорт жана жол министрлиги маалымдады.

Маалыматка ылайык, трассага суу өткөрүүчү трубалар жаткырылып, электр  линиялары өткөрүлүп жатат.Сокулук дарыясы аркылуу өткөн көпүрөнү оңдоп-түзөө боюнча иштер башталды. 

2018-жылы куруу иштеринин жалпы көлөмүнүн 25 пайызын бутурүү пландалган. 

Жол курууга 284 үй чарбачылыгы туш болду, анда баарыболуп 958 адам жашайт. 

3 турак-жай жана 268 чарчы метрди ээлеген 12 имарат, дагыбашка   214 чарчы метр жеке аймак, ошондой эле курулуп бутө элек үйдүн пайдубалы түрттүрүлүүгө дуушар болот. 

«Компенсацияларды төлөп берүү иштери аягына чыкты.Объекттерди түрттүруү башталды. Жер жана мүлк ээлерине 33  миллион сомдон ашык компенсация төлөнуп берилди. Бишкек-Кара-Балта жолун калыбына келтирүү иштерин СhinaRailway № 5. жүргүзуп жатат. Келишимдин жалпы суммасы 70239 доллар. Бул иштерди 2021-жылы бүтүрүү пландалууда»,— деп айтылат маалыматта. 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү

ПИКИР ЖОК

Жооп калтырыңыз