Бишкек менен Чүйдүн бир катар районунда 6-июлга чейин газ берүү токтотулат

Автор -

Бишкек жана Токмок шаарларынын айрым көчөлөрүндө оңдоо иштери жүрүп жаткандыгына байланыштуу 6-июлга чейин жаратылыш газын берүү токтотулат. Бул тууралуу “Газпром Кыргызстан” ишканасынан кабарлашты.

Көгүлтүр от өчүрүлүүчү райондор:

— 2-6-июлда Сокулук айылынын Фрунзе жана Молодежная көчөлөрүндө;

— 3-июлда Токмок шаарынын 1 кичи районундагы 6-7 үйлөрдө газ өчүрүлөт.

“Газпром Кыргызстан” ишканасы оңдоо иштери газ колдонуучуларды үзгүлтүксүз жаратылыш газы менен камсыз кылуу максатында жүргүзүлүп жатканын билдирет.

 

Бөлүшүү