Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда жол кырсыгынын кесепетинен 3 адам мерт кетти (Фото)

Автор -

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда жол кырсыгынын кесепетинен 3 адам  мерт кетти. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 13-июль күнү Чүй облусунун Ысык-Ата районунда, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 44-чакырымында (Ивановка айылы) “Мерседес” үлгүсүндөгү унаа кырсыкка учураган.

Жол кырсыгынын кесепетинен 3 адам каза болгон.

Кырсык болгон жерге, саат 14:46да КР ӨКМнин Токмок шаардык №21 Аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн 5 куткаруучу тартылып, унаага кыпчылып калган маркумдардын жансыз денелерин унаадан чыгарышып РИИБнин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Бишкек — Нарын жолунун 44 чакырымындагы айланма жолдо Mercedes-Benz унаасы аласалып, ичиндеги үч киши каза тапканын Чүй облустук милициясы билдирди

Бөлүшүү