Бишкек-Ош унаа жолунда жол кырсыгынан 3 адам каза болду (сүрөт)

Автор -
331

Бишкек-Ош унаа жолунда жол кырсыгынан 3 адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 2018-жылдын 9-июнь күнү саат 04:30 чамасында Барпы айылында Volvo үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа менен Hyundai Porter үлгүсүндөгү унаа кагылышкан.

«Жол кырсыгынын кесепетинен жеринде 2 адам каза болгон 1963-жылы туулган Х. М. жана 1995-ж.т. Х. Х. , ал эми жаракат алган 1 адам 2006-жылы туулган Ж. Н. ооруканага баратып, жолдо каза болгон. Каза болгон адамдар Hyundai Porter унаасынын айдоочусу жана жүргүнчүлөрү болгон»,-деп айтылат маалыматта.

КР ӨКМнин №58 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары окуя болгон жерге барышып, каза болгон адамдардын денелерин унаадан чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Фото Абдишарипа Бекилова.Фото Абдишарипа Бекилова.Фото Абдишарипа Бекилова.Фото Абдишарипа Бекилова.

 

Бөлүшүү