Бишкек-Ош унаа жолунда жол кырсыгынан 3 каза болду

Автор -
307

Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында 2018-жылдын 3-май күнү саат 07:15 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 467-чакырымында (Чүйүт-Сай тилкеси) «Хонда Степ» үлгүсүндөгү мамлекеттик № S 58 83 AA унаасынын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып, бак сүзгөн.

Жол кырсыгынан 1 эркек киши жабыркап, 3 адам каза болгон. 2 аял кишинин жана 1 эркек адамдын аты жөнү такталууда.

Жерине КР ӨКМнин Таш-Көмүр шаардык №2-издөө куткаруу отрядынын куткаруучулары тартылып, каза болгон адамдардын жансыз денесин унаадан чыгарышып РИИБ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

 

Бөлүшүү