Бишкек-Ош жолунда унаа кырсыгынан эки адам каза болду

Автор -
271

Бүгүн, 26-февралда Бишкек-Ош унаа жолунун 493 чакырымында (Ууру-Жар тилкеси) «Хюндай Аванта» жеңил унаасы менен «Днепр» үлгүсүндөгү кран кагылышкан. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирет.

Кырсыктын кесепетинен 2 адам жабыркап, 2 адам каза болгон, алардын аты-жөндөрү такталууда.

Кырсык катталган жерге КР ӨКМнин куткаруучулары тартылып унаанын ичинде кыпчылып калган адамдарды чыгарышып ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. Кошумча маалымат берилет.

Бөлүшүү