Бишкек шаарына видеобайкоолорду коюу качан башталаары маалым болду

Автор -
207

«Жол эрежелерин сактоодо, айып пул төлөөдө адилеттүү мамиле жасалбай жатат»,- деп билдирди Жогорку Кеңештин 13-июндагы жыйынында өкмөттүк саат учурунда депутат Дастан Бекешев.

«Видеобайкоолор качан орнотулат? Учурда кырсыктар көбөйүп, майыптар да көбөйүүдө. Жол эрежесин бузгандагы теңсиздикти кантип жоёсуздар?», — деди Бекешев.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов «Коопсуз шаар»  долбоорунун алкагында 4 видеобайкоо орнотулганын айтты.

«Бишкек шаарына видеобайкоолорду коюу күздө башталат деп пландап жатабыз. Азыр 4 видеобайкоо орнотулган. Анын ишин анализдеп жатабыз. Аталган аппарат 6 түрдүү жол эрежесин аныктайт. Биз мындай камераларды эл көп жайгашкан жерлерге да коёлу деп жатабыз. Ким болбосун айып пулду төлөйт. Себеби акчаны барып төлөгөнгө чейин анын алдында эч ким болбойт. Баарына бирдей шарт түзүлөт», — деп жооп кылды Боронов.

 

 

Бөлүшүү