Бишкек шаарынын мэрин шайлоо качан болору маалым болду

Автор -

Борбордук шайлоо комиссиясына Албек Ибраимовду Бишкек шаарынын мэри кызматынан алуу тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин буйругу келген. Бул БШКнын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.

Мыйзамга ылайык, БШК буйрукту алгандан кийинки 10 күндүн ичинде шайлоонун күнүн белгилеши керек.

“Андан кийин Бишкек шаардык кеңешинин фракциялары, көпчүлүк коалиция же премьер-министр өздөрүнүн талапкерлерин көрсөтүшөт. Бишкек боюнча аймактык шайлоо комиссиясы талапкерлерге текшерүү жүргүзөт, алар мамлекеттик тил боюнча экзамен тапшырышат. Андан соң каттоо башталат. Шайлоого 5 күн калганда каттоо жабылат”, — деди А.Бекматов.

Бөлүшүү