Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун судьясы кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулду

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушунун негизинде Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан Есеналиева Гульжан Шаршенбековна Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан бошотулуп, анын аталган соттогу судьялык ыйгарым укуктары өз калоосу менен мөөнөтүнөн мурда токтотулду.

Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Бөлүшүү