Бишкекте 2,9 миң доллардан төлөгөн чет өлкөлүк студенттер окуудан чыгарылды

Автор -
219

Бишкектеги жогорку окуу жайлардын бириндеги кызматкерлердин алдамчылык фактысы аныкталды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, Каржы полициясына 50дөн ашык чет өлкөлүк студент кайрылып, 2017-жылдын сентябрынан бери ар бири окуу үчүн 2 900 доллардан (жалпысынан 145 миң доллардан ашык) төлөгөндүктөрүн билдиришкен. Бирок бул үчүн дүмүрчөктөр берилбей, акчалар кассага түшкөн эмес. Жыйынтыгында студенттер контракт төлөбөгөндүгү үчүн деп окуудан чыгарылган.

Мекемеден тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн окуу жайдын аталышын айтуудан баш тартышты.

Бул иш боюнча «Алдамчылык» беренеси менен кылмыш иши козголду. Тергөө учурда окуу жайдын бул ишке тиешеси бар жетекчилерин аныктоодо.

Кыргызстанда жалпысынан 51 жогорку профессионалдык билим берүү мекемеси иштейт. 2017/2018 окуу жылынын башында аларда 162 миңден ашык студент окуган.

Бөлүшүү