Бишкекте интернет аркылуу интим кызматын көрсөткөн кыргыз кыздар кармалды

Автор -
0
213

Бишкек шаарында интернет аркылуу интим кызматын көрсөткөн студиянын жетекчиси жана анда иштеген 30 кыз кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Октябрь РИИБине жарандан билдирүү келип түшкөн. Анда А.Д. аттуу мырза интернеттен кыздардын порнографиялык видеолорун таратуу менен каражат таап жүргөнү маалымдалган. Милиция кызматкерлери тарабынан аныкталган веб-студияда Бишкек шаарындагы ЖОЖдордо окуган 30 кыз кармалган.

Мындан сырткары студияда 1990-жылы туулган А.Д. аттуу кыздарды жумуш менен камсыздаган жаран кармалган.

Учурда аталган факт боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү

ПИКИР ЖОК

Жооп калтырыңыз