Бишкекте кудуктан адамдын сөөгү табылды

Автор -
278

14-февралга караган түнү Бишкек шаарынын Свердлов районунун Достоевский көчөсүндөгү кудуктан белгисиз адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Окуя болгон жерде ӨКМдин Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары иштешкен. Алар сөөктү милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Бишкек шаардык милициясынан кабарлашкандай, табылган адамдын тек жайы такталууда. Ал селсаяк болушу мүмкүн деген божомолдор бар.

Бөлүшүү