Бишкекте «Тазалык» ишканасынын жумушчусу токмоктолду (Видео-Фото)

Автор -
0

Бишкекте “Тазалык” ишканасынын жумушчусу ур-токмокко кабылып, Травматология жана ортопедия борборуна жаткырылды. Бул тууралуу “Тазалыктын” басма сөз катчысы Жибек Каракеева фейсбук баракчасына жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, окуя Лущихина көчөсүндө болгон.

«Биздин балдар контейнерлердеги таштандыгы чыгарып жатышкандыктан бир аз күтө тургула азыр кетебиз дешкен. Эки жигит таштанды чыгарган автоунаанын айдоочусун четке алып чыгып, дагы эки бала таштанды жүктөп жаткан кызматкерди муунтуп, таш менен чабышкан», — деп билдирди Каракеева.

Жибек Каракеева окуя боюнча милицияга арыз жазышканын жана жүктөгүч кызматкер ооруканада экенин жазды.

Эскертүү: видеодо сөгүнгөн сөздөр айтылган.

Фото Жибек Каракеевой.

Фото Жибек Каракеевой.Фото Жибек Каракеевой.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү

ПИКИР ЖОК

Жооп калтырыңыз