Биз кул эмеспиз! Казакстанда активист үй-бүлөсү менен нааразылык акциясына чыкты (Видео)

Автор -
0

Шымкент шаарында 10-июлда жарандык активист Нуржан Мухаммедов үй-бүлөсү менен бирге акимчилик имаратынын алдында нааразылык акциясын өткөрдү. Ал полиция тарабынан аңдууга алынганын айтып, бийликтен куугунтуктоолорду токтотууну талап кылды. Мухаммедовдун балдары колдоруна: “Биз кул эмеспиз, Куугунтуктоону токтоткула” деген баракчаларды кармап турушту.

Нуржан Мухаммедов 10-майда саясий туткундарды бошотуу талабы менен митингге чыкканы үчүн эскертүү алган. Кийин соттун чечими менен 10 суткага административдик камакка алынган. Ал ошондон бери полиция кызматкерлери өзүн аңдып, түрлүү кысым көрсөтүп жатканын айтып, калаа акими менен кездештирүүнү талап кылган. Бирок өзүнө кысым жасала баштаганы тууралуу эч жерге арыз менен кайрылган эмес.

Шаар акими чыкпаган соң Нуржан Мухаммедов өзү менен кошо ала келген бензинди үстүнө куюп, өрттөмөк болгон. Акимдин чыгуусун талап кылып жатканда аны бир нече полициячы курчап турган. Бирок колуна чакмак кармап алган активист жанына эч кимди жолоткон эмес.

Ошол маалда калаа акиминин орун басары Кайрат Нуртай чыгып, активистти имараттын ичине кирип сүйлөшүүгө көндүргөн. Мухаммедовдун талабын уккан аткаминер полициячыларга карата текшерүү жүргүзүлөрүн айтты.

Активист Нуржан Мухаммедов куугунтуктоолорго байланыштуу ижарада турган батиринен чыгып калганын, учурда үй-бүлөсү менен өзү иштеген дүкөндүн кампасында жашап жатканын билдирди. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жардам берүүнү убада кылышты.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү

ПИКИР ЖОК

Жооп калтырыңыз