Бокоев: Айрым укуктар берилген соӊ, аны аткаруу каражаты да кошо берилиши керек

Автор -
243

Жогорку Кеӊеште Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин демилгеси менен «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө» мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөө маселесине арналган парламенттик угуу өтүүдө. Иш-чарага өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери, жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү катышууда.

Депутат Кенжебек Бокоев жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан өздөрүнө бекитилип берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктардын аткарылуу жүрүмү өтө маанилүү маселелердин бири болуп санала турганын баса белгиледи.

«Мыйзамдын кабыл алынганына беш жылдын жүзү болду. Быйыл Аймактарды өнүктүрүү жылы катары жарыяланды. Ушу тапта республикалык бюджеттин 11 пайызы гана берилүүдө. Бул каражат жетишсиз. Айрым укуктар өткөрүп берилген соӊ, аны аткаруу каражаты да кошо берилиши керек. Ошондуктан, мыйзамдын аткарылышы боюнча толук маалымат алып, жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү менен бирге талкуулоо чечимине келдик», — деди ал.

Ал эми биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө» мыйзамдын аткарылышы боюнча мекемелер аралык комиссия түзүлүп, мамлекеттик органдардын кайсы укуктарын жергиликтүү башкаруу органдарына ыйгаруу маселесин иликтеп чыкканын билдирди.

«Мыйзамдын аткарылуу жүрүмүн ыраатташтыруу максатында, 12 мыйзамга тийиштүү өзгөртүүлөр киргизилди. Азырынча жергиликтүү бийлик органдарына бериле турган Статистика комитети менен Социалдык фонддун укуктары так аныкталды», — деп кошумчалады ал.

Белгилей кетсек, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө» мыйзам жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн укуктук, уюштуруучулук жана каржылык негиздерин, ошондой эле өздөрүнө берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруунун, токтото туруунун жана токтотуунун тартибин аныктайт.

Өткөн беш жыл аралыгында бул маселе тармактык комитетте бир нече жолу каралып, тиешелүү чечимдер кабыл алынган. Ошого карабастан мыйзам талаптары аткаруу бийлигинин органдары жана алардын кызмат адамдары тарабынан өз деӊгээлинде аткарылбай келет.

Бөлүшүү