Борбор каалабызда тогуз коргоол боюнча Борбор Азия Кубогу өтөт

Автор -
310

Бишкекте 6 нан 12-май күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында тогуз коргоол боюнча Борбор Азиянын VII Кубогу өтөт.

Маалыматка ылайык, беш өлкөдөн келген спортчулардын катышуусу күтүлүүдө: Казакстан, Өзбекстан, Корея, Түркия жана Кыргызстан.

Аталган турнир Кыргызстандын улуттук курамасынын мүчөлөрү үчүн III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары үчүн тандоонун алгачкы этабы болуп саналат.

Спорттук иш-чараны өткөрүү үчүн спорттун улуттук түрү боюнча дирекциядан 272 миң сом каралган.

Бөлүшүү