Брэд Питт менен Леонардо ди Каприонун жаӊы образы күйөрмандарын таӊ калтырды (Фото)

Автор -

Актер Леонардо ди Каприо Брэд Питт менен чогуу түшкөн сүрөтүн өзүнүн Instagram баракчасына жарыялады.  Сүрөт белгилүү режиссер Квентин Тарантинонун «Однажды в Голливуде» аттуу жаӊы тасмасын тартуу учурунда тартылган.

Көптөгөн колдонуучулар Брэд Питтин жаңы образын аябай жактырышса, айрымдары аны дароо эле тааный алган эмес.

First look. #OnceUponATimeInHollywood

A post shared by Leonardo DiCaprio (@leonardodicaprio) on

Ди Каприо менен Питт тасмада башкы ролду ойноп жатышат. Ошондой эле бул тасмада актерлор Марго Робби, Дакота Фаннинг жана Аль Пачино да тартылууда.

Тасма 2019-жылы август айында экранга чыгат.

Баса, актер Леонардо ди Каприо өзүнүн сүрөтүн Instagram баракчасына жүктөй бербейт. Ал көбүн эсе жаныбарлардын жана кайрымдуулукка чакырган  билдирүүлөрдү жарыялайт.

 

Бөлүшүү