БШК кээ бир депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Автор -
274

2018-жылдын 4-майында КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Кемин, Токтогул, Чаткал, Майлуу-Суу, Баткен, Ноокат жана Сокулук аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитти. Бул тууралуу КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмүнөн билдиришти.

Ошентип:

— Чүй облусунун Кемин шаардык кеңешиндеги «КСДП» партиясынан депутаты М. Омурбеков өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер – У. Нурсеитовго өткөрүлүп берилди;

-Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Жаны-Жол айылдык кеңешинин депутаты А. Рысбеков өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер – Н. Жумалиевге  өткөрүлүп берилди;

-Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Чаткал айылдык кеңешинин депутаты Э. Кошокбаев өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер – Шаршенбек у. Э. өткөрүлүп берилди;

— Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу  шаардык кеңешиндеги «КСДП» партиясынан депутаты А. Батыркулов өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер – Э. Темирбаевге өткөрүлүп берилди;

— Баткен облусунун Баткен шаардык кеңешиндеги «Өнүгүү Прогресс» партиясынан депутаты М. Шералиев өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер –И. Матазимовго өткөрүлүп берилди;

-Ош облусунун Ноокат районундагы Бел айылдык кеңешинин депутаты А. Раимбеков өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер – М. Расуловго өткөрүлүп берилди;

— Ош облусунун Ноокат районунун Жаӊы-Ноокат айылдык кеңешинде депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу Н. Рузалиев ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге –М. Муталовго өткөрүп берилди;

— Ош облусунун Ноокат районунун Т. Зулпуев айылдык кеңешинде депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу М. Жуманазаров ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге –Р. Мамасадыковго өткөрүп берилди;

— Ош облусунун Ноокат районунун Т. Зулпуев айылдык кеңешинде депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу Казак у. Э. ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге –Р. Топчубаевге  өткөрүп берилди;

— Чүй облусунун Сокулук районунун Новопавловка айылдык кеңешинде соттун өкүмү күчүнө киргендигине байланыштуу Г. Мережко ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге –С. Табалдиевге өткөрүп берилди.

 

Бөлүшүү