Быйыл Сауд Аравиядан келген туристтердин саны мурдагыдан көп болот

Автор -
232

Кече, 10-майда    КР маданият, маалымат жана туризм министрлигине Кыргызстандагы Сауд Аравия Падышалыгынын толук ыйгарымдуу элчиси Абдурахман бин Саид Аль-Жума жана  жакынкы чыгыш өлкөлөрүнүн туристик операторлор Ассоциациясынын башчысы  Халид Аль Аламмар Кувейттен келген делегаттар менен келишти.

Чет өлкөдөн келген конокторду ММТМ караштуу туризм департаментинин орун басары Чубак Оморов кабыл алды. Ал конокторго Кыргызстандагы ички туризм боюнча бир катар маалыматтарды берди. Ошондой эле күзүндө өтүүчү Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарына конок болуп кетүүгө жана Араб өлкөсүнөн туристтерди Кыргызстанды көрүп кетүүгө чакырды.

Ошондой эле коноктор  Бишкек –Сауд Аравиянын шаарларына  каттай турган авиа каттамды жүргүзүү  боюнча, туристтер үчүн маалыматтарды англис, жана араб тилдеринде  жазууну сунуш кылышты.

Араб өлкөсүнөн келген коноктор Кыргызстандын  табиятына  кызыктар экенин жана  элибиздин  меймандостугун баалаганын   баса белгилешти. Соңунда   Чубак Оморов Кыргызстан тууралу маалымат камтылган көлөмдүү китептерди белекке берди.

 

Бөлүшүү