Чүй ОИИБдин мурунку башчысы Нурлан Сарчаевдин аялы үй камагына бошотулду

Автор -

Бүгүн, 20-июлда Чүй ОИИБдин мурунку башчысы Нурлан Сарчаевдин аялы үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мындай чечимди Свердлов райондук соту 19-июлда кабыл алган. Ага карата козголгон кылмыш иши КРнын кылмыш-жаза кодексинин 234-беренесинен («ээнбаштык») 104-бренесине («билип туруп денесине залал келтирүү») которулган.

Буга чейин Чүй ОИИБдин мурунку башчысы Нурлан Сарчаев бычактан жаракат алып, ооруканага жеткирилгендиги жана бул ишке шектүү делип анын аялы кармалгандыгы маалымдалган.

Белгилей кетсек, 2 күн мурун Сарчаевге операция жасалган.

Бөлүшүү