Чемпиондор лигасы: “Реал” менен “Бавария” жарым финалда

Автор -
256
Сүрөт: uefa.com

Чемпиондор лигасынын 1/4 финалынын жооптуу оюндары жыйынтыкталып, “Реал Мадрид” клубу өз үйүндө италиялык “Ювентусту” кабыл алды. Эки команданын биринчи оюну 0:3 эсебинде “Реалдын” жеңиши менен аяктаган. Түндө өткөн жооптуу беттеште “Ювентус” конокто ойноп жатканына карабай, үч гол айырмачылыкты кубалап келип, голдордун айырмачылыгын теңеди. Бирок Роналдунун командасы оюн бүтөөргө бир нече мүнөт калганда бир гол киргизип, эсептин жалпы жыйынтыгын 4:3 кылып, жарым финалга жолдомо алды.

Ал эми жарым финалга жолдомо алган дагы бир команда бул Мюнхендин “Бавария” болду. Аталган команда эки оюндун жыйынтыгы боюнча Испаниянын “Севилья” клубун утту.

Кечээ жарым финалга жолдомону Италиянын “Рома” жана Англиянын “Ливерпуль” командалары алышкан. 13-апрелде чүчү кулак өткөрүлүп, жарым финалда кайсы командалар бири-бири менен ойноору белгилүү болот.

Бөлүшүү