Данияр Абдыкаров Түркияга үй-бүлөсү менен эс алганы кеткен

Автор -
252

Ички иштер министринин орун басары Данияр Абдыкаров Түркияга үй-бүлөсү менен эс алганы кетти. Бул тууралуу КР ИИМнин басма сөз кызматы билдирет.

Мурдараак ЖМКда министрдин орун басары Данияр Абдыкаров өлкөдөн чыгып кеткендиги жана Казакстан аркылуу Түркияга учуп кеткендиги маалымдалган.

Ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, алар Абдыкаров менен телефон аркылуу байланышкан.

«Ооба, чындыгында эле Абдыкаров үй-бүлөсү менен тактап айтканда, жубайы жана уулу менен кыска мөөнөткө эмгек өргүү алган. 2018-жылдын 3-июнунда эс алуу үчүн Түркияга учуп кеткен. 3-июнь дем алыш күнү болгондуктан, ал чыгууга уруксат кагазын толтура алган эмес»,-деп айтылат маалыматта.

«Анын колунда 2018-жылдын 11-июнунда Бишкекке кайтып келүү үчүн билети бар экендигин маалымдайбыз. Шейшемби күнү 12-июнда Ички иштер министринин орун басары Данияр Абдыкаров жумушка чыгат» ,-деп кошумчалашты ИИМден.

Данияр Абдыкаров чет жакка макулдашуусуз чыккандыгы боюнча жумушка чыкканда түшүндүрмө берет.

 

Бөлүшүү