Дастан Жумабеков: Биз мамлекеттин жыргалчылыгы үчүн иштедик деп ишенебиз

Автор -

Бүгүн, Жогорку Кеңештин  VI чакырылыштагы IV сессиясынын ишинин жыйынтыктары тууралуу отчет берип жатып, ЖКнын төрагасы Дастан Жумабеков Жогорку Кеңештин VI чакырылышы мөөнөтүнөн мурда таратылбайт турганын билдирди.

“Жогорку Кеңештин чакырылышы аягына чейин иштейт. Таратууга негиз жок. Негизи парламентти мөөнөтүнөн мурда таратуу боюнча так жараяндар мыйзамда көрсөтүлгөн. Биздин жумушка эл баа берет. Дагы кичине күтүш керек. Биз мамлекеттин жыргалчылыгы үчүн иштедик деп ишенебиз”, — деп билдирди ал.

Төраганын айтуусунда, Жогорку Кеңешти таратуу эл өкүлдөрүнүн да чечими менен болот.

Бөлүшүү