Дастан Жумагулов: Исаковдун депутаттар тууралуу айткан сөзү териштирилет

Автор -
475

Бүгүн,20-апрель Жогорку Кеӊештин кезексиз жыйынында «Ата-Мекен» партиясынан депутат Каныбек Иманалиев жыйындын төрагасы Дастан Жумагулов менен кайым айтыша кетти. Ал Сапар Исаковдун телеканалдардын биринде берген интервьюсунда депутаттарга карата айтылган сөзүн сындады.

«Кече күнү Сапар Исаков  парламентте 120 өлүк отурат деп айтты. Кыргыз парламенти бүт дүйнө жүзүнө уят болду деди. Биз бир ай мурун ЖЭБ боюнча парламентке чакыралы десек сиз колдодуңуз эле. Ошондо Сапар Исаковду колдоп жатып бизге каяша айткансыз. Регламентке ылайык, паарламенттин аброюн коргоого төрага милдеттүү. Биринчи, чын эле 120 өлүк отурабы? Өлүк отурбаса парламенттин намысын кантип коргой аласыз? Кечирим суратасызбы же сотко бересизби? Бул биз үчүн маанилүү, ошондуктан саясий позицияңызды так айтып коюңуз»,-деди Иманалиев

Ал эми төрөга Дастан Жумабеков «Ал боюнча териштирүү болот. Кезеги келсе мыйзамдуу түрдө жооп берет»,-деп жооп берди.

 

Бөлүшүү