Дастанбек Жумабеков БУУӨПнын Кыргызстандагы өкүлү Озонния Ожиеллону кабыл алды

Автор -
334

Бүгүн, 12-июнда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Бириккен Улуттар уюмунун Кыргызстандагы туруктуу координатору, БУУнун Өнүктүрүү программасынын туруктуу өкүлү Озонния Ожиеллону кабыл алды.

Жолугушууда Кыргызстан менен Бириккен Улуттар уюмунун ортосундагы кызматташтык жана өнөктөштүк мамилелер тууралуу сөз болуп, тараптар байланыштарды мындан ары да чыңдоо зарылчылыгына токтолушту.

Алгач, Озонния Ожиеллону жогорку кызмат ордуна дайындалышы менен куттуктаган Төрага Дастанбек Жумабеков: “Өткөн жылы Кыргыз Республикасынын Бириккен Улуттар уюмуна мүчө болгондугунун 25 жылдыгы белгиленди. Бул чейрек кылым мезгил аралыгында биргелешкен бир катар долбоорлор ишке ашып, өлкөбүздүн демократиялык шартта туруктуу өнүгүшүнө багытталган көп жумуштар жасалды. Айрыкча, БУУ тарабынан Кыргызстандагы шайлоолордун ачык-айкын өтүүсүнө зарыл болгон колдоолор арбын болду. Натыйжада жаңы маалыматтык-технологиялардын жардамы менен 2015-2017-жылдардагы парламенттик жана президенттик шайлоолор жогорку деңгээлде өттү. Андыктан, биздин тыгыз кызматташтыгыбыз жемиштүү уланууда десек жаңылышпайм”, – деп кошумчалады.

Ошондой эле Төрага Жогорку Кеңештин учурдагы ишмердүүлүгүнө учкай токтолуп, парламентаризмди бекемдөө менен аны өнүктүрүүгө арналып кабыл алынган 2021-жылга чейинки Стратегиянын алкагында жүргүзүлүп жаткан жаңылануулар тууралуу айтып берди.

“Кыргызстан чөлкөмдөгү парламенттик-президенттик башкаруу формасын тандап алган алгачкы мамлекет. Андыктан, парламентаризм институтунун өнүктүрүү менен өркүндөтүүдө өнөктөштөрдүн колдоосу өтө зарыл. Алсак, 2017-жылы Жогорку Кеңештин, БУУӨПнын жана Өнүктүрүү боюнча Швейцария башкармалыгынын ортосунда өз ара түшүнүшү жөнүндө Меморандумга кол коюлган. Аталган Меморандумдун алкагында да мыйзамдарды сапаттуу иштеп чыгууга жана ага коомчулуктун тыгыз катышуусун камсыздоого багытталган кызматташтыкты кеңейтүүбүз керек”, – деди Дастанбек Жумабеков.

Мындан сырткары, өлкө башчысы тарабынан жарыяланган быйылкы Аймактарды өнүктүрүү жылынын да маанилүүлүгүн баса белгилеген Төрага, БУУнун “Туруктуу өнүктүрүү максаттары – 2030” документинин негиздери эске алынып, кабыл алынган Кыргыз Республикасын 2018-2040-жылдарга өнүктүрүүнүн улуттук Стратегиясынын алкагында да кызматташтыкты арттыруу зарылчылыгына токтолду.

Өз кезегинде Бириккен Улуттар уюмунун Кыргызстандагы туруктуу координатору, БУУнун Өнүктүрүү программасынын туруктуу өкүлү Озонния Ожиелло Төрагага жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип: “Биз Кыргызстан менен болгон ар тараптуу кызматташтыкты өркүндөтүүгө кызыкдарбыз. Айрыкча, адам укугун коргоо жана парламентаризмди өнүктүрүү жаатындагы байланыштарды улантуу менен биргелешкен ири долбоорлорду ишке ашыруу башкы максатыбыз”, – деди.

Буга кошумча Озонния Ожиелло Адам укугунун жалпы декларациясынын кабыл алынгандыгынын 70 жылдыгын белгилөөгө байланышкан иш-чараларды уюштуруу маселесин да кеп кылды.

Жолугушуунун соңунда Төрага Дастанбек Жумабеков Жогорку Кеңеш эл аралык байланыштарга өтө чоң маани берерин белгилеп, ар дайым кызматташууга даяр экендигин кошумчалады.

Бөлүшүү